Байсалов Сколково институтунун өкүлдөрү менен жаңы долбоорлорду талкуулады

Байсалов кыргыз өкмөтү инновациялык технологияларды өлкөгө тартууга ынтызар экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россиянын Сколково илим жана технология институтунун өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россиянын Сколково илим жана технология институтунун өкүлдөрү менен жолукт

2 / 3

Жолугушууда инновация тармагындагы кызматташтык жана заманбап технологияларды өнүктүрүү боюнча долбоорлор талкууланган

3 / 3

Аталган институттун стратегиялык өнүктүрүү боюнча вице-президенти Александ Сафонов алар жаңы рынокко чыгып өлкөлөр менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдирген.

Жолугушууда инновация тармагындагы кызматташтык жана заманбап технологияларды өнүктүрүү боюнча долбоорлор талкууланган.
Байсалов өкмөт экономиканы өнүктүрүүнүн катализатору боло турган инновациялык технологияларды өлкөгө тартууга ынтызар экенин айткан.
"Министрлер кабинети бардык тармактарга, анын ичинде банктык же мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жаатында санариптик инновацияларды киргизүүнү активдүү колдоого даяр. Ошондой эле экономиканы өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөбүз", — деген Байсалов.
Аталган институттун стратегиялык өнүктүрүү боюнча вице-президенти Александ Сафонов алар жаңы рынокко чыгып өлкөлөр менен кызматташууга кызыкдарлыгын билдирген. Аны менен катар эле кыргыз өкмөтүнүн жетекчилигин Сколово жана Сколтех инновациялык борборго келип кетүүгө чакырышкан.
Мэрия: Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имараты бузулуп, ордуна заманбап объект курулат