Баткенден да Өзбекстан менен байланыштырган туннель табылды. Видео

УКМК тараткан сүрөттөрдөн туннелдин ичине атайын жабдуулар орнотулгандыгын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кайтпас айылында Өзбекстан менен чектешкен мамлекеттик чек ара сызыгынын астынан өткөн туннель табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Анын туурасы 1,5 метр, бийиктиги 2,1 метр, кыргыз-өзбек чек арасына чейинки узундугу 60 метрди түзөрү белгилүү болду.
1 / 4

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кайтпас айылында Өзбекстан менен чектешкен мамлекеттик чек ара сызыгынын астынан өткөн туннель табылды

2 / 4

Анын туурасы 1,5 метр, бийиктиги 2,1 метр, кыргыз-өзбек чек арасына чейинки узундугу 60 метрди түзөрү белгилүү болду

3 / 4

УКМК тараткан сүрөттөрдөн туннелдин ичи атайын жабдуулар менен жабдылганын көрүүгө болот

4 / 4

Жер алдындагы өтмөктү УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2022-жылдын 24-июнунда тапкан.

"Бул үйдүн ээси Ош облусунда туулган У.С.И. экени аныкталды. Болжолдуу түрдө бул туннель контрабандалык жол менен эл керектөөчү товарларды, курал-жарактарды, ок-дарыларды, накталай акчаларды жана баңгизаттарды ташуу, мыйзамсыз миграция үчүн колдонулган", — деп айтылган маалыматта.
УКМК тараткан сүрөттөрдөн туннелдин ичи атайын жабдуулар менен жабдылганын көрүүгө болот.
Жер алдындагы өтмөктү УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2022-жылдын 24-июнунда тапкан.
УКМК учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Аталган ведомство буга чейин да Ош облусунда бул сындуу жер алдындагы өтмөктөрдү тапкан.
Ош: Кара-Суудан Өзбекстандын аймагына кирген тоннель табылды. Видео