Мэрия: Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имараты бузулуп, ордуна заманбап объект курулат

Өрттөлгөн, каралбай калган имаратты бузууга калаа бийлиги 7,6 миллион сом бөлүүгө даяр. Жеңүүчү тарап аны 90 күндө толук бузуп, жерди тазалап бериши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтынын жанында мурда саясий окуялар учурунда өрттөлгөн Башкы прокуратуранын имаратын бузууга шаардык муниципалитет тендер жарыялады.
Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, анын ордуна заманбап имаратты куруу боюнча долбоорун иштеп чыгууга сынак уюштурулат. Эски, каралбай калган имаратты бузууга калаа бийлиги 7,6 миллион сом бөлүүгө даяр. Жеңүүчү тарап аны 90 күндө толук бузуп, жерди тазалап бериши керек.
Бир нече күн мурда Жогорку Кеңештин отурумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өрттөлгөн Башкы прокуратуранын ордунда жаңы имарат курула тургандыгын айткан.
Эске сала кетсек, ал имарат 2010-жылдын апрель окуяларында өрттөлгөн. Андан кийин ордуна шаардыктар мейманкана, заманбап кеңсе же сейил бак кылууну сунуштаган. Ал эми 2020-жылдын соңунда ал жерге Бишкек шаардык кеңеши менен муниципалдык кызматтар үчүн мекеме салына тургандыгы да айтылган.
Бишкек мэриясы: эскинин ордуна жаңы социалдык мончо салынат