Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Asia Times: АКШ, НАТО Украина чатагынан улам эки кооптуулукка кабылмай болду

Автор АКШ союздаштары менен бирге кыска аскерий чатактарга катышууга болорун, бирок узакка созулган согуштар алардын чамасын чактап коёрун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Батыштын кемиген арсеналдарын кайрадан ордуна тез келтирүүгө мүмкүн болбогондуктан, бул кырдаал АКШ жана анын союздаштарына олуттуу кооптуулук жаратат. Бул туурасында РИА Новости Asia Times аналитиги Стивен Брайенге таянып жазды.
Автор АКШ союздаштары менен бирге кыска аскерий чатактарга катышууга болорун, бирок узакка созулган согуштар алардын арсеналын жоготуп, аны толтурууга көп убакыт талап кылынарын белгилеген.
Брайен дүйнөлүк экинчи согушту эске салган. Анда АКШ курал-жарак алуу маселесин шашылыш түрдө чечүүгө туура келген. Президент чукул кырдаал жарыялап, бардык өнөр жайдын багытын аскердик муктаждыкка бурган. Штат баш-аягы болуп 300 миң учак, 200 миң артиллерия жана 86 миң танк өндүргөн. Ал кезде мындай нерсе менен СССР да бетме-бет келген. Ага өлкөнүн батышындагы заводдорду миңдеген чакырымга эвакуация кылууга туура келген.
Учурда андай абал өзгөргөн. Батыш мамлекеттери куралды дайыма эмес, маал-маалы менен сатып алып турушат. Заводдор тынымсыз иштебейт, буюртма болгондо гана ишке киришет, калган учурда токтоп турат. Ал эми жеткирүүчүлөр же жумушун токтотот же башка долбоорлорго өтүп кетет.
Брайен АКШ союздаштары менен эки кооптуулуктун капшабында калганын билдирди. Биринчиси — Украина кризисинин создугуп кетиши.

"Алардын Украинаны мурдагы күүсүндө колдоп турганга арсеналы жетпейт", — деп түшүндүргөн автор.

Экинчиси Азиядагы, маселен, Корея жана Тайвандагы согуш кооптуулуктары.

"Бул АКШ үчүн аркалай албаган жүк болот. Корея же Япониядагы америкалык күчтөрү согуштук материалдардын бир топ тартыштыгын жакшы эле сезе баштады", — деген баяндамачы.

Ал Америка Тайванга куралдардын кээ бир түрлөрүн бере албастыгын айтканын эске салды.
2022-жылдын 24-февралында Украинада башталган атайын операциялардын фонунда Вашингтон менен НАТО Украинага куралды болушунча берип жатат. Москва бир нече ирет батыштын куралдары согуш отун создуктуруп жатканын, ал эми аны жүктөгөн транспорт РФтин мыйзамдуу бутасына айланганын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ: Батыш өлкөлөрүнүн өзүндө курал-жарак запасы калбай баратат