Путин: АКШ 200 өзөктүк тактикалык курал-жарактарын Европада сактап келет

Россия лидери курал, ок-дарылар НАТОго мүчө болгон европалык алты мамлекеттин аймагында тургандыгын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Европада Америка Кошмо Штаттарынын өзөктүк тактикалык курал-жарактарын сактап келет. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин Беларусь президенти Александр Лукашенко менен болгон жолугушууда айтканын РИА Новости жазды.
Бүгүн Лукашенко Санкт-Петербургдагы Константиновск сарайына Россия президенти менен жолугушуу үчүн келген. Мурдараак берилген маалыматтарда алардын эки өлкөнүн өз ара мамилесин, интеграциялык маселелерди талкуулашары айтылган.
"АКШнын өзөктүк тактикалык 200 курал-жарактары НАТОго мүчө болгон европалык алты мамлекеттин аймагында сакталып турат. Аларды колдонуу үчүн 257 учак даярдалып коюлган, алар америкалык эле аба техникалары эмес", — деген Россия лидери.
НАТО куралын таап алуу луганскилик жоокерлерге кадыресе көрүнүшкө айланды