ЧОЛПОН-АТА, 24-июн. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отуруму башталды.
Келген конокторду Жогорку Кеңештин төрагасы тосуп алып, жалпы сүрөткө түшүштү. Андан соң кеңештин жыйынына кирип кетишти.
ТүркПАнын XI пленардык отуруму саат 14:00дө башталат.
Иш-чарага ТүркПАга мүчө Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Казакстан мамлекеттери, Венгрия байкоочу катары катышууда. Өзбекстан менен Түркмөнстандын делегациялары ардактуу конок катары чакырылган.
Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, 2023-2028-жылдарга карата ТүркПАнын стратегиялык жол картасын бекитишет. Ошондой эле социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат. ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтүп, жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат.