ЧОЛПОН-АТА, 24-июн. — Sputnik. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) аталышын өзгөрттү. Мындай чечим Чолпон-Атада өтүп жаткан ТүркПА кеңешинин 11-отурумунда кабыл алынды.
Ага ылайык, мындан ары аталган уюм "Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы" деп аталат.
"Биз уюмдун аталышын өзгөртүү чечимин кабыл алдык. Бүгүн документтерге кол коюлат", — деди жыйынга төрагалык кылган Казакстан парламентинин төрагасы Ерлан Кошанов.
Аны менен катар уюмдун жаңы туусу жана логотиби бекитилди.
Ошондой эле Кошанов жыйындын башында ТүркПАнын төрагалыгын Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берди.
Белгилей кетсек, ТүркПАга Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө. Ал эми Венгрия байкоочу макамында катышууда. Өзбекстан менен Түркмөнстандын делегациялары ардактуу конок катары чакырылган.