Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ок чачкан, от чачкан "Солнцепёк". РФ Коргоо министрлигинин видеосу

Мындан сырткары, видеого "Солнцепёк" түн ичинде иштеген учурлар да тартылган.
Sputnik
Россиянын Коргоо министрлиги жума күнү ТОС-1А "Солнцепёк" оор огнемёттук тутумунун украиналык күчтөрдүн таяныч пунктуларын жок кылган учурларын көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Видеороликтен ТОС эгиндерди аралап өтүп, согуштук позицияга чыгып, оптикалык жабдууларды ылайыктап, системанын ишке кирип, андан соң удаа-удаа атканын көрүүгө болот.
Андан чоң украиналык аймактагы бутага тийген учурлар көзгө урунат. Мындан сырткары, видеого "Солнцепёк" түн ичинде иштеген ирмемдер да тартылган. Снаряддар асманга учуп, анын учкундары айланага чачыраган кадрларга күбө болобуз.
Министрликтен ТОС украиналык аскерлердин бекем жайгашып алган таяныч жайлары менен улутчулдардын батальондорун жок кылуу үчүн колдонулуп жаткандыгын айтышты.
Согуштук милдетин аткарган соң ТОС-1А "Солнцепёк" экипажы ыкчамдык менен позициясын өзгөртүп, тез арада түзүмдөрүн октогон.
Аскердик ведомстводон "Солнцепёктун" огунан окоп менен блиндажга жашынып аман калууга мүмкүн эместигин айтышты. Термобардык аралашма абага чачырайт да, кубаттуу басымдын алдында температурасы 3000 градуска чыгып 200 килограммдык снаряд жарылганда тийген жерин соо калтырбайт. Мындай ысыктыктан болот калканычтар да эрип түшөрүн кошумчалашты.
Тема боюнча:
Айбаты көктү жарып. Украинада колдонулган "Искандердин" видеосу