Биргеликте кадам жасайлы! Жапаров ТүркПАга келген спикерлер менен жолукту

Мамлекет башчы ТүркПА парламенттер аралык кызматташтыктын жана өз ара иштешүүнүн маанилүү платформасы болуп калганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) делегацияларынын башчылары менен жолукту.
1 / 7

Президент Садыр Жапаров бүгүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) делегацияларынын башчылары менен жолукту

2 / 7

Анда мамлекет башчы түрк мейкиндигиндеги бул жаңы байланыштар жаңы замандын мамлекеттер аралык мамилелеринин үлгүсү болууга тийиштигин белгиледи

3 / 7

2008-жылы түзүлгөн ТүркПА парламенттер аралык кызматташтыктын жана өз ара иштешүүнүн маанилүү платформасы болуп калганын белгиледи

4 / 7

Ошондой эле мамлекет башчы азыркы замандын чакырыктар менен коркунучтарын чечүү үчүн жаңы ыкмалар талап кылынарын белгиледи

5 / 7

Жапаров аны менен катар эле түрк өлкөлөрүндөгү боордоштор менен биргелешип бардык кыйынчылыктарды жеңип, келечектүү дүйнө курууга үмүт артты

6 / 7

Мамлекет башчы "биргеликте алдыга гана кадам жасайлы" деп сөзүн жыйынтыктады

7 / 7

Кыргызстандын президенти менен жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Азербайжандын Милли Мелисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Түркиянын Улуу жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Венгрия парламентинин төрагасынын орун басары Шандор Лежак (байкоочу катары), Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева (ардактуу мейман катары), Түркмөнстан Халк Маслахатынын Милли Генгешинин төрагасынын орун басары Касымгулы Бабаев (ардактуу мейман катары) катышты.

Анда мамлекет башчы түрк мейкиндигиндеги бул жаңы байланыштар жаңы замандын мамлекеттер аралык мамилелеринин үлгүсү болууга тийиштигин белгиледи. 2008-жылы түзүлгөн ТүркПА парламенттер аралык кызматташтыктын жана өз ара иштешүүнүн маанилүү платформасы болуп калганын белгиледи.
"Бул жерде биздин парламентарийлер маанилүү маселелерди талкуулашат, маалымат бөлүшөт, иштин артыкчылыктуу багыттары боюнча тажрыйба жана алдыңкы практика менен алмашат. Кыргызстан ТүркПАны негиздеген мамлекеттердин бири болгондуктан, парламенттер аралык бул бирикмени тилектештиктин жана биримдиктин үлгүсү катары калыптандырууга кызыкдар. Биздин өлкөлөр менен элдердин ортосундагы терең тарыхый, маданий жана руханий байланыштар мамилелерибиздин негизин түзөт", — деди Жапаров.
Ошондой эле мамлекет башчы азыркы замандын чакырыктар менен коркунучтарын чечүү үчүн жаңы ыкмалар талап кылынарын белгиледи.
"Ошондуктан биз Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында 2040-жылга чейин "Түрк дүйнөсүнүн көз карашын" кабыл алууну колдодук. Биз бүткүл дүйнө үчүн азыркы оор мезгилде күчтөрүбүздү бириктире турган "Көз карашты" кабыл алдык. Көз карандысыз өнүгүүнүн туруктуу моделине өтүүдө өз ара колдоо мурдагыдан да маанилүү. Жалпы жыргалчылыгыбызды жогорулатуу үчүн Кыргызстанда Түрк өлкөлөрүнөн көбүрөөк инвесторлорду көрүүгө кубанычтабыз", — деди президент.
Жапаров аны менен катар эле түрк өлкөлөрүндөгү боордоштор менен биргелешип бардык кыйынчылыктарды жеңип, келечектүү дүйнө курууга үмүт артты. Мамлекет башчы "биргеликте алдыга гана кадам жасайлы" деп сөзүн жыйынтыктады.
Кыргызстандын президенти менен жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Азербайжандын Милли Мелисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Түркиянын Улуу жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Венгрия парламентинин төрагасынын орун басары Шандор Лежак (байкоочу катары), Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева (ардактуу мейман катары), Түркмөнстан Халк Маслахатынын Милли Генгешинин төрагасынын орун басары Касымгулы Бабаев (ардактуу мейман катары) катышты.
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы аталышын өзгөрттү