Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Батыштын текеберлиги тууралуу айтты

Россия лидери белгилегендей, Батыш россиялык эгинди дүйнөлүк рынокко чыгарууга тоскоолдук кылуу менен дүйнөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Батыш дүйнөлүк айыл чарба өндүрүшүн туруксуздаштырууда.
Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин БРИКС саммитинде айтты.
Ал бул аракеттерди француз ханышасы Мари Антуанеттанын окуясына салыштырган.
Россия президенти БРИКС+ жыйынына видеобайланыш аркылуу катышууда, эки күндүк саммит 23-июнда башталган жана ага Кытай төрагалык кылууда.
“Менин оюмча, француз ханышасы Мари Антуанетта өз сарайынын терезесинен ачкачылык жарыялап жаткан элди кайдыгер карап: “Эгер булардын наны жок болсо, анда торт жесин”, — деген. Азыр кээ бир Батыш өлкөлөрү айыл чарба продукциясынын дүйнөлүк өндүрүшүн туруксуздаштырып жатат”, — деди Путин.
Ошол эле учурда ал Россияда жакшы түшүм күтүлүп жатканын жана өлкө дүйнөлүк рынокко 50 миллион тонна дан чыгара аларын белгиледи. Ошондой эле Москва украин данынын экспортуна тоскоолдук кылбай турганын эске салды.
Кошумчалай кетсек, Россия лидери инфляциянын кескин өсүшү Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясынан эмес, Батыш өлкөлөрүнүн жоопкерсиздигинен улам болуп жатканын баса белгиледи.
Лавров: ЕБ менен НАТО Россия менен согушуу үчүн коалиция чогултуп жатат