Ошто жүк ташуучу автоунаа басып калып үч бала каза тапты. Видео

Жеринде төрт куткаруучу иштеп жатат. Кошумча дагы беш куткаруучу тартылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ош шаарында HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа оодарылып адамдарды басып калды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, транспорт жолдон чыгып оодарылып калган. Кырсыктын кесепетинен үч бала каза болду. Учурда маркумдардын аты-жөнү такталып жатат.
1 / 3

Ош шаарында HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа оодарылып адамдарды басып калды

2 / 3

Маалыматка караганда, транспорт жолдон чыгып оодарылып калган

3 / 3

Кырсыктын кесепетинен үч бала каза болду.

Жеринде төрт куткаруучу иштеп жатат. Кошумча дагы беш куткаруучу тартылды.
Мындан сырткары, кырсык болгон жерге ИИМ менен Тез жардам кызматы чакыртылган. Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.
Жалал-Абад: Lexus 470 жүк ташуучу унаа менен кагышып, эки киши көз жумду. Сүрөт