Өзбекстандан 50 автобус келет. Оштун мэри Ташкенттин башчысы менен жолукту

Оштун жетекчиси Алмаз Мамбетов Ташкент шаарына расмий иш сапары менен барган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ташкент калаасынын акими Жахонгир Артикходжаев менен жолугуп, кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

ш шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ташкент калаасынын акими Жахонгир Артикходжаев менен жолугуп, кызматташууну талкуулады

2 / 3

Мэр Ташкент шаарына расмий иш сапар менен барган

3 / 3

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде социалдык-экономикалык кызматташтык, шаар куруу жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында тажрыйба алмашууну талкуулашкан.

Мэр Ташкент шаарына расмий иш сапар менен барган.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде социалдык-экономикалык кызматташтык, шаар куруу жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында тажрыйба алмашууну талкуулашкан.
"Биринчи долбоорду ишке ашыруунун алкагында Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун кредити жана республикалык бюджеттен максаттуу трансферттин эсебинен 50 жаңы, көп функционалдуу, он алты орундуу ISUZU SAZ HC40 үлгүсүндөгү автобустарды алуу бекитилди", — деген Мамбетов.
Артикходжаев өз сөзүндө шаардын көйгөйлөрүн тез арада чечүү үчүн шаардык кеңештин депутаттары менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолгон. Ошондой эле Ташкенттин башчысы биргелешкен ишканаларды ачуу, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн жолугушууларын уюштуруу, лифт жабдууларын жеткирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштаган.
Жолугушууга Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев катышып, боордош эки элдин ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеген.
Жыйынтыгында тараптар санариптештирүү боюнча Ташкент шаарынын мэриясы тарабынан ишке ашырылып жаткан инновациялык чечимдерди кабыл алуу, тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу ниетин билдирген.
Ошто ипотекалык программа менен салынган алгачкы үй пайдаланууга берилди