Кыргызстанда мамкызматкерлердин саны азайды

2022-жылдын башында өлкөдө 18 миң киши мамлекеттик кызматта иштээри белгилүү болду. Алардын ичинен 59,3 пайызын эркектер, 40,7 пайызын аялдар түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 18 миң адам мамлекеттик кызматтарда иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Аталган цифраларга коргонууну, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылган органдар киргизилген эмес. Себеби ал жашыруун маалымат катары сакталат.
"2022-жылдын башында өлкөдө 18 миң киши мамлекеттик кызматта иштээри белгилүү болду. Алардын ичинен 59,3 пайызын эркектер, 40,7 пайызын аялдар түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Анын ичинен саясий (депутат, өкмөттүн мүчөлөрү, аким, облус башчысы) жана атайын (судья) кызматта иштегендердин 75,8 пайызы эркектер, 24,2 пайызы аялдар. Ал эми административдик кызматты (аппаратта, министрлик, ведомстволордо) аркалагандардын 58,1 пайызын эркек, 41,9 пайызын аялдар түзөт.
Мамлекеттик кызматкерлердин жарымынан көбү (52 пайызы) Бишкек шаарында эмгектенет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 10 миңге жакын адам иштесе, анын 8 миңге жакыны мэриянын кызматкерлери. Муниципалдык кызматкерлердин жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүн аялдар түзөт.
Белгилей кетсек, былтыркы жылдын дал ушул учурунда мамлекеттик кызматтарда 19 миң киши иштээри айтылган.
Бишкекте эркектерге караганда аял ишкерлер көп