Садыр Жапаров: Кыргызстан Түркияга Көчмөндөр оюнун уюштурууга жардам берет

Мамлекет башчы кыргыз жана түрк элдерин маданият жана салттагы жалпы баалуулуктар байланыштырып турарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентопту кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде парламент аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентопту кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди
Мамлекет башчысы кыргыз жана түрк элдерин маданият жана салттагы жалпы баалуулуктар байланыштырып турарын белгилеп, өлкө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө дайым даяр экенин кошумчалады.
"Садыр Жапаров күзүндө Түркиянын Изник шаарында кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн эске салып, Кыргызстан ага катышууга ниеттенип жатканын белгилеп, кыргыз тарап уюштуруучулук маселелерде жардам берүүгө даяр экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) ХI пленардык жыйынына катышуучу парламенттик делегацияны жетектеп келген Мустафа Шентоп Кыргызстан менен кызматташтык, анын ичинде соода-экономикалык багытта дагы жакшы ыргакта өнүгүп жатканын белгиледи.
Ал түркиялык парламенттин өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өстүрүүгө салым кошууга даярдыгын айткан.
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы аталышын өзгөрттү