Радио

Усеналиев: кыргыз футболунун премьер-лигасында атаандаштык күчөп калды

КТРК Спорт телеканалынын спорттук баяндамачысы, футбол боюнча эксперт Бексултан Усеналиев кыргыз футболунун премьер-лигасында деңгээл жакшырып калганын айтты.
Sputnik
Быйылкы сезондо Кыргыз премьер-лигасына жаңы эки команда кошулуп, чемпионатка өзгөчөлүк кошо алышты. Бул тууралуу Бексултан Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул жылы Кыргызстандын чемпионатында "Нур-Баткен" сенсация жаратып, жакшы оюн көрсөтө алды.
"Быйылкы сезондо Кыргыз премьер-лигасына жаңы эки команда кошулуп, чемпионатты өзгөчөлөнттү. Мында "Нур-Баткен" клубу чемпионатта сенсация жаратып, күйөрмандарын кубантып, мелдештин жадыбалында алдыңкы сапта келе жатат. Ар бир позицияда Баткендин айылдарынан жаш, таланттуу балдар чогулган. Аларды колдогон адамдар да арбын болуп, футболчулар ишенимдүү ойноп жатат. Ал эми "Талант" клубун азыркы кыргыз футболунун феномени деп эсептейм. Анткени бул команда жакында гана түптөлүп, абдан сапаттуу командалык оюн көрсөтүп, заманбап стандарттардагы технологияларды колдонуп, машыгууларды өткөрүп жатышат. Жылдан жылга ушундай командалар көбөйсө биздин ички чемпионатта атаандаштык өсүп, сапаттуу оюндар боло баштайт. Акыркы жылдарга салыштырмалуу кыргыз премьер-лигасынын деңгээли жакшырып калды", — деди Усеналиев.
Ошондой эле адис футбол боюнча улуттук кураманын катарында таланттуу жаш оюнчулардын көбөйүшү командага жакшы дем берерин кошумчалады.