ККМди киргизүү менен көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу максатталууда. Бул тууралуу Кубанычбек Ысабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө көмүскө экономиканын үлүшү 20дан 50 пайызга чейин болгону ак ниет атаандаштык болбой жатканынан кабар берет.
"Салык саясаты фискалдаштыруунун алкагында электрондук эсеп-фактура, товарларды маркалоо жана ККМ (кассалык көзөмөл машина) киргизилүүдө. 2015-жылдан бери төрт этап менен онлайн ККМ киргизиле баштады. Биринчи, экинчи этабында ири компаниялар, май куюучу бекеттер, соода борборлору ККМге өткөрүлгөн. Ал эми үчүнчү, төртүнчү этабында чакан жана орто бизнеске киргизүү каралган. Убагында бул тармактын өкүлдөрү даяр эместигин айтып, коё турууну өтүнгөн. Азыркы тапта деле ККМди киргизүүнү жылдырып туруу сунушталууда. ККМди киргизүү менен министрлер кабинети көмүскө экономиканын үлүшүн азайтууну максат кылып, ишкерлердин ортосунда ак ниет атаандаштыкка мүмкүндүк түзүүгө аракет кылууда. Мындан тышкары, бюджетке салыктарды чогултуу жана колдонуучулардын укугун коргоо көздөлүүдө", — деди Ысабеков.
Ошондой эле ал бул жараянга баары бир каршы турарын айткандар бар экенин кошумчалады.