БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Эл ичинде тишти кара туз менен чайкоо пайдалуу деген түшүнүк боюнча стоматолог-терапевт Асира Жанузакова пикири менен бөлүштү.
"Чайкоонун өзү эле пайдалуу. Анан туз деген шор. Шор көп микробду өлтүрөт. Ошондуктан чайкап турса болот. Бирок бул тиштеги ооруну баспайт", — деди адис.
Дарыгер тишти кара туздан сырткары чөп менен да чайкоого кеңеш берди. Мисалы, ромашка сезгенүүнү бат айыктырат.