Илон Масктын уулу кызга айланып, атын алмаштырды

Жазында Ксавье Маск соттон гендердик өзгөчөлүктөн улам ысымын алмаштырууга уруксат берүүнү талап кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Америкалык миллиардер Илон Масктын уулу Ксавье расмий түрдө аты-жөнүн алмаштырып, Вивиан Женна Уилсон ысымындагы кызга айланды. Бул тууралуу NBC News телеканалы жазган.
Сот 18 жаштагы жигиттин жынысы менен атын алмаштыруу боюнча өтүнүчүн канааттандырган.
Быйыл апрелде Ксавье Маск соттон гендердик өзгөчөлүктөн улам ысымын алмаштырууга уруксат берүүнү талап кылган. Андан сырткары, биологиялык атасы менен бирге турууну каалабай тургандыгын, дегеле аны менен жашоосун байланыштыргысы келбегендигин билдирген.
"Каршылыктар болбогондон кийин атын өзгөртүп, жынысын алмаштырууну таануу жана туулгандыгы тууралуу жаңы күбөлүк берүү сунуштамасы канааттандырылды", — деп айтылган соттун токтомунда.
Илон Маск уулу Ксавьенин энеси Жастин Уилсон менен 2008-жылы ажырашкан.
Илон Масктын байлыгы 300 млрд. доллардан ашып, Forbes рекордун дагы жаңылады