Лавров: ЕБ менен НАТО Россия менен согушуу үчүн коалиция чогултуп жатат

Сергей Лавровдун айтымында, Евробиримдиктин башка өлкөлөр менен мамилесинин жакшырышы Россияга эч коркунуч жаратпайт. Анткени бул аскердик блок эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Евробиримдик жана НАТО Россия менен согушуу үчүн гана коалиция чогултуп жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Албетте, биз Евробиримдиктин жүрүм-турумун, жасап жаткан кадамдарына көз салып турабыз. Ошондой эле биримдикке кирүүгө талапкер мамлекеттер эрежелерди канчалык сактоодо же өзүм билемдик кылып жатабы деген суроолор жаралат. Бизде Евробиримдикте русофобиялык маанай өзүнөн-өзү жоголуп кетет деген иллюзия жок. Бул европалыктар тандап алган жол", — деди Лавров.
Мындан тышкары, ал азыр тарых кайталанып жатканын айтты.
"Экинчи дүйнөлүк согуш кантип башталганы эсиңердеби? Гитлер Советтер Союзуна каршы чыгыш үчүн өз туусунун алдына дээрлик бүт Европаны чогулткан. Азыр деле ошондой. Евробиримдик НАТО менен биргеликте Россияга каршы чыгууда", — деди министр.
Лавровдун айтымында, Евробиримдиктин башка өлкөлөр менен мамилесинин жакшырышы Россияга эч коркунуч жаратпайт. Анткени бул аскердик блок эмес.
"Евробиримдикти биз эч качан аскердик блок катары кабыл алган эмеспиз. Ошол себептүү Түндүк атлантикалык альянстан айырмаланып, ага кайсы мамлекет кошулса дагы бизге коркунуч жаратпайт", — деди министр.
Буга карабай Россия Украина менен Молдова ЕБге мүчөлүккө талапкер болгон күндө да аларга көз салып турары кошумчаланды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ бийлиги: биздин жоокерлер Украинада согушпайт