БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Маймыл чечек оорусу тастыкталгандар дүйнөдө 3 200дөн ашты. Бул тууралуу ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус билдиргенин РИА Новости жазды.
"ДССУ алты жума мурун Улуу Британияда маймыл чечегин жуктурган үч киши тууралуу маалымат алган. Бейтаптар ооруганга чейин өлкөдөн чыкпаганы маалым болгон. Андан бери 48 мамлекеттен 3 200дөн ашуун кишиден чыгып, бир адам көз жумду", — деген Гебрейесус маймыл чечеги менен күрөшүү боюнча ыкчам комитеттин отурумунда.
Буга чейин ДССУ башчысы илдет бири-бири менен жыныстык катнашка барган эркектер арасында кездешип жатканын кабарлаган. Ошондой эле оорунун тараган жолдорун кененирээк изилдөө тапшырмасын койгон.
Маймыл чечеги — сейрек кездешүүчү вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Бул, адатта, жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алгандардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бири кыйналышы мүмкүн. Адистер маймыл чечегин жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептебейт. Анткен менен оорулуу адам менен жакын байланышта болгондор жугузуп алышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездеринин шишип кетиши, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.