Бишкекте жоголгон 15 жаштагы Ширин Жунушакунова табылды

Өспүрүм кыз 18-июндан бери изделип жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкектен бир жума мурда жоголгон 15 жаштагы Ширин Жунушакунова табылды.
Туугандары билдиргендей, милиция аны Токтогул шаарынан тапкан. Абалы жакшы.
Өспүрүм кыз 18 июндан бери изделип жаткан. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан Бишкекке биринчи жолу келип жоголуп кеткен.
Бишкекте эки жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Калия Калеева изделүүдө