Бишкекке айтылуу Мадоннанын хореографы келип, мэр менен жолукту. Сүрөт

25-июнда Бишкектеги соода борборлорунун биринде эл аралык бий сынагынын тандоо түрү өтөт. Ага КМШ өлкөлөрүнөн келген бийчилер катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров заманбап бийлер боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун уюштуруучуларынын бири Жан Воинов менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
1 / 2

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров заманбап бийлер боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун уюштуруучуларынын бири Жан Воинов менен жолугушту

2 / 2

Ошондой эле шаар жетекчиси менен жүз көрүшүүгө иш-чаранын чет элдик коноктору — чемпионаттын уюштуруучусу Канон Зузоа жана айтылуу ырчы Мадоннанын хореографы Марвин Гофин дагы келди.

Ошондой эле шаар жетекчиси менен жүз көрүшүүгө иш-чаранын чет элдик коноктору — чемпионаттын уюштуруучусу Канон Зузоа жана айтылуу ырчы Мадоннанын хореографы Марвин Гофин дагы келди.
Жолугушууда уюштуруучулар ири иш-чараны өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн мэрияга ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, 25-июнда Бишкектеги соода борборлорунун биринде аталган сынактын тандоо түрү өтөт. Ага КМШ өлкөлөрүнөн келген бийчилер катышат. Иш-чаранын жыйынтыгы менен Парижде өтүүчү Modern Dance Championship - Fasion Concept фестивалында Кыргызстандын атынан чыга турган эки күчтүү бийчи аныкталат.
Бишкек мэриясы короо, кварталдарга сынак жарыялады. Байге фонду 500 миң сом