Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ бийлиги: биздин жоокерлер Украинада согушпайт

Ошол эле учурда АКШ Украинага 450 миллион доллар өлчөмүндө аскердик жардам берерин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Американын куралдуу күчтөрү Украинага согушуу үчүн барбайт. Бул тууралуу АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирбиге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Президент Жо Байден ачык эле айтты, америкалык аскерлер Украинада согушпайт", — деди Кирби.
Ошол эле учурда ал АКШ Украинага 450 миллион доллар өлчөмүндө жардам берерин билдирди. Анын айтымында, "бул каражатка курал-жарак алынып, Украинанын өзүн-өзү коргоосуна жардам бермекчи".
АКШ жана Британиянын "легионерлери" Украинага өлүм издеп келүүдө