АКШлык аткаминер Байдендин Путин тууралуу калпын ашкереледи

Америка Кошмо Штаттарында инфляция 40 жылдык рекордду жаңыртып, 8,5 пайызга жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. АКШнын Федералдык резервдик системасынын (ФРС) башчысы Жером Пауэлл президент Жо Байдендин калпын ашкереледи. Кеп өлкө башчынын өлкөдөгү рекорддук инфляцияга Путин себепкер деп айтканы тууралуу болууда. Бул туурасында Fox News агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Сенат жыйыны учурунда республикачы Билл Хэгерти Федералдык резервдин төрагасынан АКШдагы кымбатчылыкка Россиянын күнөөсү канчалык экенин сурады. Пауэлл инфляция Украинадагы окуяларга чейин эле жогору болгонун айтты.
"Мен муну укканыма кубанычтамын. Байдендин администрациясы өзүн актоого аракет кылууда. Мунун айынан жалган маалымат таратып, болгон жоопкерчиликти Москвага оодарууда", — деди Хэгерти.
Буга чейин АКШ президенти Америкадагы инфляцияга Россия лидерин айыптап, "Путиндик кымбатчылык" деп атаган. Мындан соң Владимир Путин мындай маалыматка жазганды жана окуганды билбеген кишилер гана ишениши мүмкүн деп айткан.
АКШда бир нече айдан бери энергия булактары жана маанилүү товарлар кымбаттап жатат. Бензиндин баасы 3 доллардан 5 долларга көтөрүлдү. Инфляция 40 жылдык рекордду жаңыртып, 8,5 пайызга жетти. Бийликтин экономикадагы терс тенденцияларга каршы туруу аракети олуттуу натыйжа берген жок.