БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
“Саат 15:20 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Совет айылында 7 турак үйдүн короосун, 4 га эгин талаасын каптаган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ, Жарандык коргонуу комиссиясы жана 1 трактор тартылган.
Кошумча маалымат берилет.