ЖМК: россиялык ырчы Юрий Шатунов каза болду

Юрий Шатунов 48 жашта болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. "Ласковый май" тобунун экс-солисти Юрий Шатунов көз жумганын "Звезда" телеканалы билдирди.
Ырчынын продюсери Аркадий Кудряшовдун айтымында, Шатуновдун өлүмүнө инфаркт илдети себеп болгон. Ал ырчы өткөн кечте тез жардам унаасында каза болгонун билдирди.
Юрий Шатунов 48 жашта болчу. 1986-1991-жылдары СССРде эбегейсиз популярдуулукка ээ болгон "Ласковый май" тобунун солисти болгон. Кийин өзүнчө ырдап кеткен.
Саясат таануучу Марат Казакпаев көз жумду