Жалал-Абад: Lexus 470 жүк ташуучу унаа менен кагышып, эки киши көз жумду. Сүрөт

Кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 323-чакырымында катталган. Окуя болгон жерге жети куткаруучу тартылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жалал-Абадда жол кырсыгынан эки киши көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Жалал-Абадда жол кырсыгынан эки киши көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады

2 / 2

Каргаша Бишкек — Ош унаа жолунун 323-чакырымында катталган. Анда Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен жолтандабас кагышкан.

Каргаша Бишкек — Ош унаа жолунун 323-чакырымында катталган. Анда Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен жолтандабас кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен жолтандабастын айдоочусу жана жүргүнчүсү көз жумган.
Окуя болгон жерге жети куткаруучу тартылды. Жаракат алгандарды Тез жардам кызматы алып кеткен. Учурда тактоо иштери уланууда.
Бишкек — Ош жолунда кырсык болуп бир киши көз жумду. Видео