Радио

Мамытов: ден соолугу начарлар үчүн өзүнчө камера уюштуруу зарыл

Саясий жана коомдук ишмер Токон Мамытов УКМКнын абагында каза болгондор мурда да болгонун белгилеп, аны алдын алуу үчүн сунуштарды айтты.
Sputnik
Камераларга видеобайкоо орнотуп, ден соолугу начарлар үчүн атайын камера уюштуруу керек. Мындай пикирин Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мурда УКМКнын абагында ИИМдин кызматкери өз жанын кыйган.
"УКМКнын абагында өлүмдөр боюнча маалыматтарды ЖМКдан окуп жатам. Мындай окуялар, тилекке каршы, мурда дагы болуп келген. Анда да комиссиялар түзүлүп, иш жүргөн. Ошол комиссиянын айрым мүчөлөрү менен баарлашканда камерага видеобайкоо орнотуу зарылдыгын айтып келишет. Анткени коридордо видеокөзөмөл орнотулган. Негизи камеранын ичине адамдын макулдугу менен видеобайкоо койсо болот. Ошондой эле адамдын өмүрүнө коркунуч жарала турганы боюнча маалымат болсо, анын макулдугу жок деле видеобайкоо аркылуу көзөмөлгө алуу зарыл. Мындан тышкары, ден соолугу начарлар үчүн медициналык камера уюштурулуш керек. Себеби дарыгерлер эч кандай коркунуч жок экенин айтканы менен кайсыл убакта ден соолук начарлап кетери белгисиз. Ошол жерде нөөмөттө дарыгер болуп, көзөмөлгө алуу зарыл", — деди Мамытов.
Ошондой эле СИЗОнун кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин көзөмөлдөө керектигин кошумчалады.