Тиштин оорушу кайсы илдеттен кабар берет? Стоматологдун видеосу

Адис тиш кайсы убакта ооруксунтуп жатканына карап дартын билип алса боло турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Тиш көбүнчө эмнеге кечинде ооруй турганын Sputnik агенттигине стоматолог-терапевт Асира Жанузакова айтып берди.
Дарыгер тиш кайсы убакта ооруксунтуп жатканына карап дартты билип алууга болорун белгиледи.
"Кечкисин ооруганын пульпит деп коебуз. Башкача айтканда, тиштин өзөгүнүн сезгениши. Анткени адам узунунан жатканда нервдер жакшы иштейт да, нервдин талчаларына импульс берилип ооруйт. Ал эми күндүз ооруса периодонтиттен кабар берет. Ошондой эле муздактан сезгенсе пульпит, ысыктан сезгенсе периодонтит болуп жатканын билебиз", — деди тиш дарыгери.
Стоматолог бейтаптарды адистердин жөнөкөй, бирок маанилүү болгон суроолоруна так жооп берүүгө чакырды. Тиш оорулары дароо аныкталып, тез дарыланышы керектигин кошумчалады.
Стоматолог тиш кайсы учурда наркоз менен дарылана турганын айтты. Видео