Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча соттун жана прокурордун жоопкерчилиги дагы каралышы керек. Мындай пикирин Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, УКМК март айында Марат Казакпаевдин ишин сотко тапшырган.
"УКМКнын абагындагы Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча комиссия коомчулукка маалымат берүү үчүн түзүлүүдө. Анткени бул эки адам саясий фигура эмес. Маселен, өткөн жылда 120 адам жабык мекемелерден каза болгону боюнча маалымат айтылууда. Ошол эле Марат Казакпаев дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керек деген консилиумдун чечими май айында чыккан. Мартта УКМК анын ишин сотко өткөргөн. Демек, Марат Казакпаевдин иши соттун юрисдикциясында болчу. Консилиумдун чечими менен Казакпаевди үй камагына чыгарууга мүмкүндүк бар эле. Мындан тышкары, прокуратуранын жоопкерчилиги бар. Алар мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөл кылат. Ошондуктан коомдук комиссия УКМК менен бирге соттун жана прокуратуранын дагы жоопкерчилигин карашы керек", — деди Бактыгулов.
Ошондой эле ал комиссиялардын түзүлүшүн укук коргоо органдарына ишенбестик катары баалоого болбой турганын кошумчалады.