БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Талас районунун Көпүрө-Базар айылында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, үйлөрдү каптаганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, сел суулары аталган айылдын беш үйүнүн короосуна, бир үйгө жана бир намазкананын ичине кирген.
Селдин кесепетин жоюуга Талас райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана 16 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен суу сордуруу иштерин жүргүзүшкөн.
Бүгүн, 23-июнда, тактоо иштери жүрүп жатканын айтышты.