Sputnik шеф-редактору "Үмүт" кинофестивалында атайын сыйлыкты тапшырды. Сүрөт

Кинофестиваль КРдин эл артисти Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналган. Иш-чара жаш режиссёрлорду колдоону көздөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков "Үмүт" кинофестивалынын алкагындагы улуттук сынактын катышуучусуна атайын сыйлыкты тапшырды.
1 / 4

Sputnik Кыргызстан агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков "Үмүт" кинофестивалынын алкагындагы улуттук сынактын катышуучусуна атайын сыйлыкты тапшырды

2 / 4

Кинофестиваль КРдин эл артисти Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналган

3 / 4

Иш-чара жаш режиссёрлорду колдоону көздөйт

4 / 4

Конкурстук программада Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армения, Россия, Кыргызстан жана Тажикстандын режиссёрлорунун эмгектери ат салышты.

Сыйлык ээси Мээрим Догдурбекова сынакка "Биринчи жолу" тасмасы менен катышкан.
"Бизде күлкү, сүйүү, ыраазычылык сыяктуу күчтүү сезимдерди жарата алган искусство тармагы адамдын адам болушуна өбөлгө түзөт. Сиздердей жаратуучулар, Чыңгыз Айтматов, Геннадий Базаровго окшогон терең инсандар — адамдын жан дүйнөсүнө болгон ачкычка ээлик кылат деп ишенем. Андыктан "Үмүт" кинофестивалынын маалыматтык өнөктөшү болуу сыймык. Биз сиздерди дайыма колдоого даярбыз", — деген Алымбеков.
Кинофестиваль КРдин эл артисти Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналган. Иш-чара жаш режиссёрлорду колдоону көздөйт. Конкурстук программада Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армения, Россия, Кыргызстан жана Тажикстандын режиссёрлорунун эмгектери ат салышты.
"Үмүт" кинофестивалынын алкагында улуттук жана эл аралык сынак уюштурулду.
Улуттук конкурста сыйлык алгандар:
Мыкты тасма — "Базар" тасмасы, продюсери жана режиссёру Томирис Орозоева;
Мыкты режиссура — "Жол" тасмасы, Төлөмүш Жаныбеков;
Жюрилердин атайын сыйлыгы — "Биринчи жолу" тасмасы, режиссёру Мээрим Догдурбекова;
Жюрилердин диплому — "Кыял" тасмасы, режиссёру Санжар Абдыжапаров;
Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун сыйлыгы — Караш Жанышов;
"Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын сыйлыгы — "Аламан" тасмасы, режиссёрлору Ильгиз Шер-Нияз менен Сооронбек Тургунмамат уулу.
Эл аралык сынакта байге алгандар:
Мыкты фильм — "Сальвадор Дали " тасмасы. Продюсерлери Нурбек Айбашов менен Элдияр Мадаким;
Мыкты режиссёр — Инна Гусева, "Филемон Бавкида" тасмасы, Россия;
Жюрилердин атайын сыйлыгы — "Две пули" тасмасы, режиссёру Глеб Прохоров, Россия;
Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун сыйлыгы — "Спать хочется" тасмасы, режиссёру Темирлан Сагимбаев, Казакстан;
"Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын сыйлыгы — "На Шелковом пути" тасмасы, режиссёру Шерзод Назаров, Өзбекстан.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу форумдун расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.
Маданият министрлиги интернет жылдызы Бегимайга чет элдик сынакка катышууга жардам берет