Жапаров: бир күнү Сапар Исаковго укук коргоо органдарынын укуругу жетет

Депутат экс-премьер Москвага качып барып ресторан ачып иштетип жатканын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго бир күнү укук коргоо органдарынын укуругу жетет. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Исаков мамлекетти тоноп Москвага качып, ал жактан ресторан ачып иштетип жатканын билдирди.
"Соттун чечими бар. Ал жигитке (Сапар Исаковго — ред.) бир күнү укук коргоо органдарынын укуругу жетет", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков үч иш боюнча коррупцияга айыпталып абакта отурган. 2020-жылдагы октябрь окуясында түрмөдөн чыгарылып, чет өлкөгө качып кеткен. Кийинчерээк башка иш боюнча дагы айыпталып издөө жарыяланган.
Акылбек Жапаров мурда казино иштекендерди ИИМ калкалап жүргөнүн моюндады