Байден антироссиялык санкциялар АКШга сокку урганын моюндады

Москвага каршы санкциялар киргизилгенден кийин АКШда күйүүчү майга жана азык-түлүккө болгон баа болуп көрбөгөндөй өсүп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. АКШ менен Европа өлкөлөрү Россияга каршы санкциялардын киргизилиши жалпы энергетика рыногу үчүн кесепеттүү болорун жакшы билишкен. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байдендин айтканы Ак үйдүн сайтында жазылды.
"Россия — дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчүлөрдүн бири. Биз дагы, Европа дагы мунай эмбаргосун жарыялоо менен баанын көтөрүлөрүн билгенбиз. Бирок Вашингтон Россиянын аракеттерине "көзүн жумуп" отура алмак эмес. Мен буга чейин деле ушундай пикирде болчумун, азыр дагы бул позициямдан кайтпайм", — деди Байден.
АКШ президенти Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери АКШда бензиндин баасы орто эсеп менен эки долларга, ал эми башка өлкөлөрдө андан да жогору көтөрүлгөнүн моюнга алды.
Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкцияларды Донбассты бошотуу боюнча атайын операция башталгандан кийин киргизген. Жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашы күйүүчү майга жана азык-түлүккө болгон баалардын болуп көрбөгөндөй өсүшүнө алып келди. Бул нерсе Америка менен Европаны экономикалык каатчылыкка кептеди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: украиналыктардын АКШ менен Түркиянын пилотсуз учактарына ичи чыкпай турат