Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: Россия Батыштын куралын Киев кандай колдонуп жатканына көз салууда

Песковго "Кремль Киевдин убадаларына ишенүүгө даярбы?" деген суроо узатылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Россия Батыш берген курал-жаракты Украинанын армиясы кандай колдонуп жатканына көз салып жатат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Украина буга чейин ага жеткирилип жаткан куралдарды тек гана коргонуу үчүн колдонуп жатканын, россиялык аймактарды аткылоого жол берилбей турганын Германияга убадалаган. Ушундай эле кепилдикти Киев АКШга да берген.
Песков "Кремль Киевдин убадаларына ишенүүгө даярбы?" деген суроого жооп берди.
"Биз бул курал-жарактардын кандай колдонулуп жатканынын ар бир эпизодуна дыкат көз салып турабыз. Эгер бул куралдын кайсы бир бөлүгү алдыңкы позицияга жетип жана биздин аскерлер тарабынан жок кылынбаса, биз анын колдонулушуна байкоо салабыз", — деди Песков.
АКШ жана Британиянын "легионерлери" Украинага өлүм издеп келүүдө