БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Польша бийлиги Москвага энергетикалык жактан көз карандылык болбош керек деп агрессия менен жар салган билдирүүлөрүнө карабай Россиянын газын реверс менен алууну улантып жатат. Бул туурасында сенатор Алексей Пушков Telegram каналына жазганын РИА Новости кабарлады.
Буга чейин Польша өкмөтүнүн өкүлү Петр Наимский Варшаванын "Россиянын көгүлтүр отусуз күнү өтпөй тургандыгын" билдирген эле.
"Варшава россиялык газсыз жашай алабыз деп жар салды. Анткен менен Россиянын көгүлтүр отун Германиядан реверс кылып эле алып жаткандыгын айтканды унутуп калышты. Иши кылып жашап кете алышат, бирок сатып алууну да көздөп турушат", — деп белгилеген Пушков.
Украинадагы окуялардын фонундагы санкциядан улам Москва 2022-жылдын 1-апрелинен тарта касташкан мамлекеттерден көгүлтүр оттун акысын рубль менен алуу талабын койгон. Бул АКШ жана Европа акчасы менен эсептешүүдөн баш тартуу үчүн жасалды. Россия президенти Владимир Путин жаңы тартип менен төлөөдөн баш тартуу келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбоо катары караларын белгилеген. 27-апрелден тарта "Газпром" Болгария менен Польшага акчаны төлөбөгөндүктөн улам отун ресурстарын экспорттоодон баш тартты. Муну менен катар аталган компания эгерде София менен Варшава аны мыйзамсыз түрдө алып баштаса, анда башка өлкөлөргө транзитти токтоторун эскерткен.