20 эле депутат отурат. Парламентте кворум жок, регламентти кароо жылды

Вице-спикер депутаттарды залга келип жыйынга активдүү катышууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева кворум жок деп жыйынды токтотууну талап кылды.
Залда 20 гана депутат отурат, ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев 55 эл өкүлү каттоодон өткөнүн айтты.
Ал ортодо парламенттин регламентин кароого өтүшүп, Марлен Маматалиев баяндама жасап баштаганда башка депутаттар дагы кворум маселесин көтөрүштү.
Мындан улам саат 14:00гө чейин танапис жарыялоо сунушталып, добушка коюлуп, демилге өттү. Мындан улам регламенттин долбоору саат 14:00дөн кийин карала турган болду.
Андан соң вице-спикер депутаттарды залга келип жыйынга активдүү катышууга чакырды.
Ыйлабай, күлбөй, бир чечимге келиңиз! Ташиев депутат Сулаймановду какты