"Ош" базарынын жанында соодагерлер митинг өткөрүп жатат. Видео

Мэриянын өкүлдөрү соода борбордун администрациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Ош" базарынын аймагында жайгашкан "Берекет универсал" соода борборунун соодагерлери митинг өткөрүп жатышат.
Жалпы 150дөй адам топтолгон.
1 / 2

"Ош" базарынын аймагында жайгашкан "Берекет универсал" соода борборунун соодагерлери митинг өткөрүп жатышат

2 / 2

Жалпы 150дөй адам топтолгон

Мэриянын маалыматына караганда, алар имараттын ичиндеги орун үчүн ижара акы көтөрүлгөнүнө нааразы.
Биринчи вице-мэр, райондун башчысы жана Ленин РИИБдин жетекчиси администрация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Митингчилер орунга өздөрү ээлик кылса дагы ар бир чарчы метр үчүн 40 сомдон төлөп келишкен. Эми болсо бааны дагы 40 сомго жогорулатуу пландалып жатат. Соодагерлер борбордун администраторун иштен кетирүүнү талап кылып жатышат.
Жапаров ККМге каршы митингге чыккандардын маселеси кандай чечилерин айтты