Жалпысынан республикада 335 миң ит болсо, анын ичинен тайгандын саны 2 400гө жетпейт. Бул тууралуу Дайыркул Саткынов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бош жүргөн тайгандар атылып кетет.
"Республика боюнча азырынча тайган аз. 2019-жылы өкмөттүн иш планына ылайык жумушчу топ түзүлгөндө биздин мекеме тайгандарды иттерден бөлүп, кайрадан каттоодон өткөрүп чыккан. Тайганды багууда алгач аны бардык эле иттердей жыл сайын кутурмага каршы эмдөөдөн өткөрүп, мите курт ылаңдарына каршы үч айда бир дарысын берип туруу керек. Анан да ветеринардык паспорту болушу шарт. Эң башкысы, ээси мойнуна каргысын тагып, жетелеп жүрүүсү керек. Бош кое берилген тайган атылып кетиши ыктымал. Анткени пландык негизде жолбун иттерди атуу жүргөндө мойнунда каргысы жок, бош жүргөн тайгандар да жолбун ит катары эсептелет. Ошону менен катар эле тайганды байлап багуу ага башка иттерден оору жугуп калуу коркунучун да азайтат",— деди Саткынов.
Адис тайгандарды учурда көбүнесе аңчылык максатта жана спорттук жарыштарга катыштыруу үчүн багып келишерин кошумчалады.