Радио

Кадыралиев: КРге Кореядан белгилүү тревэл-блогерлер келип кетишти

Kyrgyz Friends туристтик фирмасынын турменеджери Күлчоро Кадыралиев өлкөгө Кореядан белгилүү тревэл-блогерлер келип, туристтик жерлерди кыдырышканын айтты.
Sputnik
Кыргызстан түштүк кореялыктарга бай маданияты, салттык өзгөчөлүктөрү менен кызыктуу. Бул тууралуу Күлчоро Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Ала-Тоо жерине Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген туристтердин көбөйүшү алыскы Европа мамлекеттеринин да кызыгуусун арттырат.
"Кыргызстандагы саясий кырдаалдарга байланыштуу чет элдик туристтерде коопсуздук боюнча коркунуч бар. Маалыматтын туура эмес жетиши аларды башка өлкөлөрдүн туризмин тандап кетишине жол ачып жатат. Жакынкы Чыгыш Кыргызстанга абдан кызыга баштады. Алсак, жакында гана бизге Түштүк Кореядан белгилүү тревэл-блогерлер келип, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кооз жерлерин кыдырышты. Турду Эл аралык кызматташуу боюнча кореялык агенттик (KOICA) менен бирге уюштуруп, туризм индустриясын өнүктүрүүгө багытталган. Блогерлердин келиши кореялык туристтердин агымын көбөйтөт. Мындан тышкары, араб өлкөлөрүнөн эс алуучуларды тартуу боюнча да программалар каралып, кызматташууну жакшыртуу керек. Мисалы, түз авиакаттамдарды ачып, маркетингге көңүл буруу зарыл", — деди Кадыралиев.
Ошондой эле адис туристтик гиддерди сертификациялоо системасы бүгүнкү күнгө чейин жолго салынбай келгенин кошумчалады.