Кумтөр кенин ар бир киши барып көрө алат. Экскурсия баасы

Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги менен келишим түзөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кумтөр алтын кенин көрүүнү каалаган бардык тараптар үчүн акы төлөгөн экскурсия уюштурулат. Бул туурасында Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, фонд "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги менен келишим түзөт.
"Каалаган ар бир адам экскурсияга барып, кенди өз көзү менен көрүп келсе болот. Бул өнөр жай туризми деп аталат", — деди ал.
Кенге баруу болжол менен 500 доллар турат.
Кумтөр — Борбор Азиядагы бийик тоолуу аймакта жайгашкан эң ири алтын кени.
Кумтөр кенинин азыркы абалы кандай. Сүрөттөр