Казакстан менен Өзбекстандан Ысык-Көлгө автобус каттайт

Министрликтен азыр билеттин баасы аныкталып жаткандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. 1-июлдан тарта Чолпон-Ата калаасына коңшу эки өлкөнүн ири шаарларынан сезондук автобус каттамдары ачылат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлады.
Багыттар:
Алматы — Чолпон-Ата — Алматы;
Ташкент — Чолпон-Ата — Ташкент.
Министрликтен азыр билеттердин баасы аныкталып жаткандыгын, ал жакында белгилүү болорун кошумчалады.
Россиянын эки шаарынан Ысык-Көлгө каттам ачылат. График