Бишкекте бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан Ширин Жунушакунова изделүүдө

Агасынын айтымында, кыз шаарга биринчи жолу келген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкекте 15 жаштагы Ширин Жунушакунова дайынсыз болуп жатканын туугандары кабарлады.
Ал 18-июнда Киркомстройдогу үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес. Өзү Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда жашайт, Бишкекке биринчи жолу келген.
"18-июнь күнү саат 22:30да ага бирөө телефон чалгандан кийин үйдөн чыгып кеткен. Ошондон бери дайынсыз болуп жатат. Таң атканча өзүбүз издеп, анан милицияга кайрылдык. Издөө иштери уланып жатат. Биз анын бардык дос-тааныштарына телефон чалып, үйлөрүнө барып келдик. Өзүнүн уюлдук аппараты өчүк болууда", — деди байкеси Рашид.
Ширинди көргөн билгендер болсо (0701) 93-31-03 номерине кабарласа болот.
Бишкекте жоголгон 15 жаштагы Ширин Жунушакунова табылды