Бишкекте бала бакчадан өрт чыгып балдар эвакуацияланды

Жеринде төрт өрт өчүрүүчү машина иштеп жатат. Кошумча маалымат берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкекте бала бакчадан өрт чыгып, балдар эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Бишкекте бала бакчадан өрт чыгып, балдар эвакуацияланды
Маалыматка караганда, Жумабек көчөсү, №228 дарегинде жайгашкан турак үйдүн жанындагы кошумча курулуштан өрт чыгып, жалын Фрунзе көчөсүндөгү "Дастан" бала бакчасынын чатырына жармашкан.

"Бакчадагы балдар эвакуацияланды. Өрт саат 13:42де чектөөгө алынган", — деп айтылат маалыматта.

Жеринде төрт өрт өчүрүүчү машина иштеп жатат. Кошумча маалымат берилет.
Көлмө конушунда өрттөнгөн кампалар. ӨКМ кесепетин көрсөттү