Бишкектеги автобекетте рейд болуп, айдоочуларга 135 миң сом айып салынды. Видео

Айдоочуларга милиция таап чыккан кемчиликтерди жоюуга эскертүүлөр берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Милициянын кайгуул кызматы Батыш автобекетиндеги автобустар менен маршруткаларды текшерди. Бул туурасында ведомствонун маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Тартип сакчылар борбор калаадан Ысык-Көл, Нарын жана өлкөнүн башка дубандарына жүргүнчү ташып каттаган автотранспорттор боюнча рейд жүргүзгөн.
1 / 2

Борбор калаадагы Милициянын кайгуул кызматы Батыш автобекетиндеги автобустар менен маршруткаларды текшерди

2 / 2

Тартип сакчылар борбор калаадан Ысык-Көл, Нарын жана өлкөнүн башка дубандарына жүргүнчү ташып каттаган автотранспорттор боюнча рейд жүргүзгөн

"Наркология бөлүмүнөн жана техникалык көзөмөлдөн өтүүсү, ошондой эле коомдук автоунаанын санитардык абалынын талаптарга ылайык келүүсү каралды. Техникалык жактан кемчиликтер, кошумча жабдууларды мыйзамсыз орнотуп алган өңдүү жана башка укук бузуулар аныкталды", — деп айтылган маалыматта.
Мындан улам айдоочуларга табылган кемчиликтерди жоюуга эскертүүлөр берилип, жыйынтыгында 135 миң сомго 25 протокол түзүлгөн.
Жол белгилери менен чийиндерге көңүл бурушпайт. Айдоочулар бузган эрежелер