Короого кирип келген крокодилди көмөч казан менен кубалаган кишинин видеосу

Видео Австралияда тартылган. Жырткыч Кай Хансен аттуу киши иштеткен пабдын аймагына келген.
Sputnik
Кадрдан Кай жырткычты көмөч казан менен эки ирет башка чапканын көрүүгө болот. Крокодил дароо сууга кайткан.
Хансендин айтымында, 2018-жылы жырткыч анын итин жеп кеткен. Аны коргоп калууга аракет кылганы менен майнап чыккан эмес. Ошондон бери австралиялык киши крокодилден коркпой калганын, кадимки жаныбардай эле көрөрүн билдирген.