Аскер эксперти Калининграддагы Литва блокадасын жарып чыгуу ыкмасын айтты

Эксперт Вильнюстун чагымчылык кылып Москваны согушка түртүү кадамын жасап жатканын, бирок Россия тарап экономикалык жактан таасир эткен чараларды көрүү ыкмасын тандап алышы керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Россия менен Беларусь Калининград облусуна транзитти жаңылаш үчүн Литвага жооп берген блокада жасай алат. Бул туурасында РИА Новости аскердик эксперт, ПВО күчтөрү боюнча музейдин директору Юрий Кнутовдун "Украине.ру" порталына берген маегинен алып маалымат жарыялады.
Маектеш Вильнюстун чагымчылык кылып Москваны согушка түртүп жатканын, бирок Россия тарап экономикалык жактан таасир эткен чараларды көрүү ыкмасын тандап алышы керектигин белгиледи.
"Эгер рычагдар болсо, колдогу мүмкүнчүлүктү пайдаланып Беларуска кайрылып, Калининградга жасап жаткандай кылып Литванын өзүн толугу менен блокадада калтырып, экономикалык жактан чара көрүү керек", — деген Кнутов.
Анын пикирине караганда, Литва өз алдынча эч качан мындай кадамга бармак эмес, мунун артында АКШ жана НАТО турат. Бирок Кнутов Россиянын экономикалык чаралары Литваны Батыш союздаштарына түздөн-түз кайрылууга мажбур кылат деп эсептейт.
"Бул Литва кийин Батыштан россиялык жүктөрдү ташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча иш-аракеттерде уруксат алышы үчүн жасалат", — деп түшүндүргөн эксперт.
Өткөн аптада Литванын темир жолу Калининград темир жол кызматына 18-июндан тарта Европанын санкциясына кирген товарларды ташуудагы транзитти токтоторун эскерткен. Аймактын губернатору Антон Алиханов Калининград облусунун паром комплекси жаңы жүктөр менен кыйынчылыксыз иштешерин айткан. Нефть заттарынын транзити уланууда, ал 10-августка чейин чектөөгө алынган эмес. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Литва бийлигинин чечимин мыйзамсыз жана акылга сыйгыс деп атап, буга жооп берилерин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Калининград транзити калыбына келбесе чара көрүлөрүн эскертти