Жапаров акыйкатчы Абдрахматованы кабыл алды. Эмне сөз болду

Абдрахматова мамлекет башчыга кайрылмандарга документ берүү, аларды коомго аралаштыруу жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иши жетишсиз экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгон акыйкатчы Атыр Абдрахматова көп жылдан бери акыйкаттыкка жетпей жүргөн жарандардын жеке жана жамааттык иштери тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

резидент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгон акыйкатчы Атыр Абдрахматова көп жылдан бери акыйкаттыкка жетпей жүргөн жарандардын жеке жана жамааттык иштери тууралуу маалымат берди

2 / 2

Андан сырткары, адамдын укугун, эркиндигин коргоонун актуалдуу маселелери, Омбудсмен институтунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар талкууланган.

Андан сырткары, адамдын укугун, эркиндигин коргоонун актуалдуу маселелери, Омбудсмен институтунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар талкууланган.
Абдрахматова адам укугу бузулган конкреттүү учурларга токтолуп, кайрылмандарга документ берүү, аларды коомго аралаштыруу жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иши жетишсиз экенин айткан. Мындан тышкары, быйыл КР Акыйкатчы институтунун түптөлгөнүнө 20 жыл толо турганы белгиленди. Буга карата БУУнун сунуштамаларына ылайык, КР Акыйкатчысынын макамын Париж принциптерине толук ылайыктоо максатында конституциялык жаңы мыйзамдын кабыл алынышы күтүлүп жатканына да токтолгон.
Абдрахматова президентке жакын арада түзүү пландалып жаткан акыйкатчыга караштуу адам укуктары боюнча регионалдык институттун концепциясын айтып берген.
Жапаров Омбудсмен институтунун адамдын укугу менен эркиндигин коргоо ишин чыңдоо, мыйзамдын бардык тараптын аткарышы жана урматташы сыяктуу принциптерин жылдыруу зарылдыгына токтолгон.
"Мамлекет башчысы адамдын жана жарандын укугун коргоо боюнча комплекстүү, теске салынган чараларды жүргүзүү элге кызмат кылуунун негизги талабы экенин билдирип, элдин көйгөйлөрү жеринен так, өз учурунда мыйзамдуу чечилишин бардык мамлекеттик түзүмдөрдөн талап кылынарын баса белгиледи", — деп айтылган маалыматта.
Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмү боюнча комиссия түзүлдү. Курамына кимдер кирди