Бишкек — Ош трассасында бензовоз өрттөнүп, айдоочу набыт болду. Сүрөт

Окуя Таш-Көмүр шаарында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда бензовоздон өрт чыгып айдоочусу каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
1 / 3

Жалал-Абад облусунда бензовоздон өрт чыгып айдоочусу каза тапты

2 / 3

Окуя эртең мененки саат 06:00дө Бишкек — Ош трассасынын 448-чакырымында, тагыраагы, Таш-Көмүр шаарында болгон

3 / 3

Өрт саат 07:56да өчүрүлгөн. Кырсыктын келип чыккан себеби белгисиз.

Окуя эртең мененки саат 06:00дө Бишкек — Ош трассасынын 448-чакырымында, тагыраагы, Таш-Көмүр шаарында болгон. Сүрөттөн көрүнүп тургандай, автоунаа жарга кулап, толугу менен күйүп кеткен.
Өрт саат 07:56да өчүрүлгөн. Кырсыктын келип чыккан себеби белгисиз.
Байтик айылында автоунаа оодарылып, 19 жаштагы айдоочу көз жумду. Сүрөт