Жаш киночулардын "Үмүт" кинофоруму Кыргызстанда гана эмес, жакынкы өлкөлөр арасында да мартабалуу иш-чарага айланды. Бул тууралуу Дастан Мадалбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык жаш режиссёрлор кыска метраждуу тасмаларды тартууда абдан чоң тажрыйба топтоп, үлгү боло турчу жактары да көбөйө баштады.
"КМШ жаш киночуларынын "Үмүт" эл аралык форуму быйыл онунчу ирет уюштурулуп жатат. 10 жыл аралыгында бир топ кыргызстандык жаш режиссёрлор күчүн сынап, чыгармачылык жолуна кадам таштаган. Азыр ал режиссёрлор такшалган, тажрыйбалуу адистерге айланып, кыргыз киносунун өнүгүшүнө салым кошуп жатышат. Демек, бул форум өзүнүн миссиясына, максатына жетип жатат деп айтууга болот. Анткени "Үмүт" жаш киночулар үчүн чоң тажрыйба берген ордого айланды. Мындан тышкары, КМШ өлкөлөрү арасында да таанылып, жылдан жылга сапаттуу картиналарды алып келишүүдө", — деди Мадалбеков.
Ошондой эле адис кыргызстандык режиссёрлор өкмөт тарабынан финансылык колдоого муктаж болгону менен чыгармачылык жактан изденген, өзгөчөлүктөрдү таба билгендиги менен айырмаланарын кошумчалады.